Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Элчи мекендештер менен жолугушуусун улантууда

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
38
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Сахалин облусуна болгон иш-сапарында Сахалин облусунун жеткчиси  В.И. Лимаренко баштаган өкүлдөр менен жолушту. Жолугушууда  Кыргызстан менен Сахалин облусунун ортосунда соода-экономикалык  чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды. Иш-сапардын жүрүшүндө элчи   курулуш компанияларынын биринин  объектисинде эмгектенип жатышкан кыргыз жарандары, компаниянын жетекчилиги  менен жолугушту.  Ошондой эле Түштүк Сахалин шаарында эмгектенип жаткан  кыргыз диаспорасынын активисттери, өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду. Жолгушууда мекендештер, кыргыз, орус тилин үйрөтүү, баштапкы жана орто билим алуу, медициналык тейлөө тармагындагы маселелер Россия элдеринин Ассамблеясынын Сахалин облусу боюнча бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнө катышуу, руханий тарбия берүү  сыяктуу бир топ маселелер көтөрүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу