Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Эл өкүлү карылардан кабар алды

Коом
12 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
22
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пархат Тулендыбаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө депутат карыларды өтүп кеткен майрамы менен куттуктап, ала барган белегин таратты. Депутат Пархат Тулендыбаев: “Биз карыларды жылдын 365 күнү эстеп, колубуздан келген сыйыбызды кылуубуз абзел. Бул адамдар өзүнүн жаштыгын өлкөнүн өнүгүшүнө арнаган инсандар. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей карыларыбызды көзү барда сыйлап, батасын алып калалы деген максатта бүгүнкү иш чараны уюштуруудабыз”, – деди ал. Ошондой эле эл өкүлү элдин маселелери менен таанышты.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу