Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Эл аралык Нобель сыйлыгын ыйгаруу башталды

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
523
Быйыл физика боюнча Нобелдик сыйлык материянын топологиясын изилдеген америкалык Дэвид Таулес, шотландиялык Майкл Костерлитц жана британиялык Данкан Хелданга кечээ, 4-октябрда ыйгарылды.
Швециянын королдук илимдер академиясынын маалыматына таянсак, бул үч лауреат өз ачылыштары үчүн 8 млн швед кронун (933 миң долларга жакын) алышат.
Эске салсак, 1901-жылдан бери берилип келе жаткан Нобель сыйлыгынын лауреаттары биринчи кезекте медицина жаатында аныкталат. Бүгүн, 5-октябрда химия, ал эми 7-октябрда тынчтык боюнча Нобель сыйлыгыны ээси анык болот. Экономика жана адабият жаатындагы лауреаттардын ысымдары кийинки жумада аталат.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.