Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Эки ветеринардык лабораторияны Россия 138 миллион рублга жабдыйт

Коом
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
493
Кыргызстандагы эки негизги ветеринардык лабораторияны Россия 138 миллион рублга жабдый турган болууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. “Учурда Кыргызстандын бюджетинин эсебинен республикалык жана Оштогу ветеринардык лабораторияларга ремонт иштери жүрүп жатат.  "Ошол эки лаборатория Россиянын гранттык эсебинен 138 миллион рублга жаңы жабдуулар менен камсыздалат. Бул ушул жылдын акыркы кварталында ишке ашат",-делет маалыматта. 2017-жылы Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларына жаңы төрт лаборатория куруу максатында республикалык бюджеттен 165 миллион сом бөлүнүшү күтүлүүдө.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.