Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Дыйкандар үчүн вебинар өтөт

Коом
16 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
108

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкандар үчүн бир катар билим берүү семинарларын баштайт. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, семинарлар онлайн режиминде өткөрүлүп, министрликтин youtube каналынан баарына жеткиликтүү болот. Семинарлардын биринчи сериясы өсүмдүк өстүрүүгө арналган.

Жаңы жылга чейин эки семинар өткөрүү пландаштырылууда:
1. «Топурактын анализин кантип жүргүзсө болот?» 17-декабрда саат 16:00дө;
2. «Топуракка кандай минералдык жер семирткичтерди колдонуу керек?» 22-декабрда.
Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу