Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

“Дыйкан” базары эртеңден тарта жабылат

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
315
Бул тууралуу Бишкектеги Ленин районунун акими Нурдин Тынаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мунай базасына жакын туруп, өрт коопсуздугу сакталбагандыктан базарды жабуу чечими кабыл алынды жана анын аткарылышын көзөмөлдөө прокуратурага жүктөлдү.Аким бул жердеги соодагерлерге “Дордой-Моторс” жана “Сары-Өзөн” базарларына барып иштөө сунушталганын, алар үчүн бардык шарт түзүлүп, үч ай ижара акысын төлөөдөн бошотуларын кошумчалады.
Өткөн күздө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция базар өрт коопсуздугуна жооп бербейт жана санитардык эрежелер сакталбайт деп тапкан. Ошондон тарта базардуу жабуу аракети көрүлүп, бирок андагы соодагерлердин каршылыгынан улам маселе артка жылып келген. Базарды жабууга каршы буга чейин бир канча жолу нааразылык акциялары да болгон.
2008-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында ачылган бул базарда миң чакты адам иштейт. Анда негизинен айыл чарба продукциялары дүңүнөн сатылат.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.