Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

“Дордойдогу" контейнерлер эмне үчүн жабылып жатканын өкмөт түшүндүрдү

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
344
Ири соода борборлорунун ачылышы, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн азайышы жана кытай жарандарынын мекенине кетип жатышы сооданын солгундашына таасир бергендигин Sputnik басылмасы жарыялады. "Дордой" базарында 6 миң контейнердин жабылышына сооданын солгундашы себеп экенин, бул убактылуу көрүнүш экенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди. Парламент 2-февралда ЕАЭБ боюнча өкмөттүн отчетун угат. Ал эми соода-сатыктын кыскарышына базардын чатырынын кулашы, кытай жарандарынын өлкөдөн чыгып кетиши жана Бишкекте ири соода комплекстеринин ачылышы да таасирин берип жатканы айтылат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылы базардагы ишкерлерге 125 миңден ашык патент берилсе, 2016-жылы болсо 119 миң ишкер патент алган. Андан сырткары, кышында "Дордой" базарындагы соода-сатык төмөндөрүн өкмөт билдирди.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.