Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Дүйнөлүк саламаттык уюму: Жаңы антибиотиктер керектелүүдө

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
485
Дүйнөлүк саламаттык уюму адамдагы 12 патогендүү бактерия менен күрөшүү үчүн жаңы антибиотиктер талап кылынып жатканын билдирди. Патогендүү заттардын көбү азыр дүйнө калкынын бир топ бөлүгүнүн организмине кирип, антибиотикке туруктуулукту жаратууда. Аталган уюмдун инновациялар боюнча директору Мари Пол Кейни антибиотиктерге туруктуулук күчөөдө, буга кайдыгер мамиле жасабай жаңы антибиотиктерди токтоосуз чыгарышыбыз керек дейт. Акыркы убактарда  стафилококктун, клостридиумдун дары тоготпогон түрлөрү дүйнө калкынын саламаттыгына коркунуч келтире баштаган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.