Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Дүйнө жүзү боюнча аба ырайынын эксртемалдык кубулуштары байкалууда

Коом
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
18
БУУнун Жаңылыктар борбору дүйнө жүзү боюнча аба ырайынын экстремалдык кубулуштары байкалып жаткандыгын билдирди. Японияда суу ташкындары менен жер көчкүлөр 200гө жакын адамдын өмүрүн алды. Азыр бул өлкөгө Мария тайфуну жакындап келе жатат. Аталган тайфун Тайванга чоң кырсыктарды алып келди. АКШнын батыш жээктеринде болсо термометрдин мамычасы 48,9 градуска чейин көтөрүлүүдө. Ысык аба-ырайы Европа менен Борбор Азияда да өкүм сүрүүдө.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу