Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Дүйнө мусулмандары Курман айтты майрамдайт

Коом
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
719

Орозо бүткөн соң эки ай он күндөн кийин Курман айт майрамы майрамдалат. 12-сентябрда Ислам дининдеги эң чоң майрам эсептелген Курман айт белгиленет.  Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар бүл күнү айт намазын окушат. Орозо айт майрамы Египетте, Иорданияда, Ливанда, Оманда, Сирияда, Иранда Бахрейин, Кувейт, Катар, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттарында, Индонезия, Пакистан, Ирак жана Борбор Азия мамлекеттеринде  майрамдалат. Курман айтта  шарият эрежеси боюнча колунда бар кишилер жандык союп, элге таратат. Кыргызстанда да бардык мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышат. Эске салсак дүйнө жүзүндө мусулмандардын саны бир жарым миллиарддан ашат.
Мээрим Бактыбек кызы

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.