Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Дипломатиялык академия жаңы ректорлуу болду

Коом
10 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
371
Кыргыз улуттук университетинин мурдагы ректору Чынара Адамкулова Дипломатиялык академиянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, Адамкулованы жалпы жамаатка тааныштыруу иш-чарасы бүгүн болду. Жаңы ректор аталган окуу жайды алдыга жылдырууга болгон аракетин жумшай турганын билдирди. Эскерте кетсек, Чынара Адамкулова 6-апрелде Кыргыз улуттук университеттин ректорлугунан алынган. Мурдагы Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ректордун милдетин аткаруучу болуп ошол эле күнү дайындалган.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.