Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Депутаттарды кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун жарыялоого милдеттендирүү демилгеси сунушталууда

Коом
19 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
359
Депутат Алтынай Өмүрбекова мыйзам долбоору күндөлүк тажырыйбадан улам жаралганын билдирди. «Жогорку Кеӊештин, анын депутаттарынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетун 7 күндүн аралыгында парламенттин сайтына жайгаштырууга милдеттендирүү зарыл, - дейт ал. - Ушундай талап туура болот, депутаттардын эмне иш жасаганын калк билсин. Мындай талап кагазда эле калып калбасын десек, мыйзамдын аткарылышын тармактык комитет көзөмөлгө алууга тийиш», - деп, ал мындай талапты өкмөт мүчөлөрүнө да милдеттендирүү зарылдыгын айтат. Жогорку Кеӊеште депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчетторун жарыялоого милдеттендирүү максатында иштелип чыккан мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.