Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүнүн мугалимдери менен жолугушту

Коом
12 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
27
11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү беш мектептен келген мугалимдер менен жолугушту. Жолугушууга билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышты. “Балдардын татыктуу билим алуусун камсыздоо үчүн алардын окуусуна керектүү болгон бардык шарттарды түзүү менен катар мугалимдердин иш-тажрыйбасын арттырууга да басым жасоо зарыл. Айрыкча, алардын социалдык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү учур талабы”, – деди депутат. Эске салсак,  депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен Суусамыр айыл аймагында жыл сайын “Жыл мугалими”, “Акыл Ордо”, “Парламент сүйлөйт” сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулуп, байге катары унаа, эс алууга жолдомо, тиричилик буюмдары жана акчалай белектер тапшылып келет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу