Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Депутат социалдык обьектилердин абалы менен таанышып чыкты

Коом
27 - Май 2019
www.erkintoo.kg
41
24-майда Жогорку Кеӊештин депутаты  Канатбек Исаев Чүй облусунун Сокулук районунун Крупская, Военно-Антоновка жана Ново-Павловка айыл аймактарындагы социалдык обьектилердин абалы менен таанышып чыкты. Крупская айыл аймагынын башчысы Жеӊиш Эдигеев 4 айыл кирген бул айыл аймагындагы спорт комплексинин жоктугун көйгөй катары белгиледи. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн «Динамо» спорттук залы мурда айыл аймагына карачу. Кийин ИИМге берилген. «Бүгүнкү күндө айыл жаштары имаратты ижарага алып, саатына төлөп пайдаланышат. Келечек муундун спорт менен ден соолугун чыӊдоосу үчүн бул спорт зал бизге кайра кайтарылып берилсе, имаратты жакшылап оӊдоп-түзөп, балдар үчүн бардык шарттарын жасайт элек»,- дейт айыл башчысы.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу