Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

Коом
03 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
49
Фестивал Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда өттү. Иш - чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду уюштурган. Ага Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.  “Бир жылдан ашык бирге иштеп, демилгелерди колдоп, ушул ишке ишенгендигиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баардыгыбыз бир максаттын үстүндө иштедик. Кыргыз элибизде, айрыкча жаңы конуштарыбыздын элдеринин ортосунда ынтымак, бири-бирибизде ишенимдүүлүк болсо экен, бул ынтымак түбөлүк болсо деп, өтө таланттуу, өзү жашаган айылды гүлдөтүп алууга даяр балдарды жана инсандарды бириктирдик, таптык жана кубаттандырдык. Спорт менен, акылдуулук менен, ден соолук менен гана атаандашып жүрөлү”, - деди Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу