Курс НБ на 26.02.2020 $69,8500 €75,8850

Декреттик өргүүнү чоң ата-чоң апалар, таята-таенелер да ала алат

Коом
30 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
29
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, неберелүү болгон адамдардын укуктары тууралуу Эмгек кодексинин 137-беренесинин экинчи бөлүгүндө так жазылган. "Ымыркай төрөлгөн соң ага камкордук көрүүгө чоң ата-чоң энелер, таята-таенелер да чыга алат. Эгер зарылчылык жаралса, алар бул укугунан пайдалануу үчүн иштеген жерине тиешелүү арыз менен кайрылып, баланын ата-энеси сяктуу эле үч жылга чейинки эмгек өргүүсүн алса болот. Кызмат орду, эмгек стажы сакталып кала берет. Эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү бүткөн соң кайрадан өзүнүн ордунда ишин улантат. Мыйзам эч кандай таене же чоң эне деп бөлбөйт. Баарынын укугу бирдей", — деген Ойтемиров.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу