Курс НБ на 21.10.2020 $81,2050 €95,6676

Дарыя жээктеринен кум-шагыл алууга чектөө коюлду

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
424
Дарыя жээктеринен кум менен шагыл алууга тыюу салынды. Бул боюнча өкмөт сай жээгин бекемдөө, негизсиз казууларды токтотуу боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандарга көзөмөл жүрүп жатат. ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сейитовдун айтымында, облус аймагында дарыя жээктеринен кум алгандар арбын. Алар аракеттерин уланта беришсе дарыяга жакын жайгашкан аймактагыларга кооптуулук жаралат. Учурда түшүндүрүү иштерин ӨКМ адистери менен патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери алып барышууда.  Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат чоң жолдогу оор техникаларда кум-шагыл ташып бараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө, ӨКМ адистери дарыя жээгинен кум, шагыл алгандарга жеринен токтотуу керектигин эскертип жатышат.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.