Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Дагы бир мекендешибиз каза тапты

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
445
Нью-Йорк штатында эмгектенип жүргөн кыргызстандык Калыбеков Адылбек 20-апрелде каза тапты. Анын жансыз денеси Бруклиндеги квартирасында табылган. Учурда полиция кыргыз жаранынын өлүмүнүн себептерин иликтөөдө. Жакын тааныштарынын айтымында, ал акыркы кезде жүрөгүндөгү оорусу тууралуу айтып келген. АКШдагы мекендештер учурда кыргызстандык Калыбековдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн каражат керектигин жарыялап, акча топтошууда. Андагы маалыматка ылайык Калыбеков Адылбектин ата-энесинин көзү өтүп кеткен. Бул жакта бир туугандары гана бар. Учурда сөөктү жеткирүүгө жалпы жонунан 6 миң АКШ доллары керектелүүдө.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.