Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Дача айылынын тургундары авиакеросинге ууланган эмес

Коом
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
342
 Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ууланды деп ооруканага жаткырылган балдар  сасык тумоого кабылганы аныкталды. Дүйшөмбү күнү "авиакеросинге ууланды" делип ооруканага 12 адам жаткырылган. Алардын көбү балдар болуп чыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, ууландык деп кайрылгандардан анализ алынып, жыйынтыгында алар сасык тумоого кабылганы аныкталган. Бейтаптардын бири гана кычкылтек газына ууланганы тастыкталды. Учурда ооруп келгендердин абалы туруктуу,-дейт министрлик.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.