Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Чоң-Алайда дарыгерлер эне баланын өмүрүрүн сактап калышты

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
316
Алыста жайгашкан Чоң-Алай районунда иш сапарда жүргөн дарыгерлер тобу 10-январга караган  түнү оор абалдагы энени баласы менен сактап калышты.  Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, райондук ооруканага 9-январда төрөгөнү келген энеден кан кетип, баланын  чарчап калуу коркунучу жаралган. Бишкектен барган  акушер-гинеколог адис жетектеген дарыгерлер жана профессор Арсен Аскеров оор абалдагы энени операция жолу менен аман-эсен төрөтүшүп өмүрүн сактап калышкан. Аталган  дарыгерлер тобу Чоң-Алайга  “Натыйжага негизделген саламакттыкты сактоо уюмдарын каржылоо” долбоору боюнча иш сапарга барышкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.