
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Чүйдө мектеп-интернаттын балдары ууланып ооруканага түштү
Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып ооруканага түштү. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Уулангандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылууда. Баары тең түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Балдардын эмнеден улам уулангандыгы иликтенип башталды.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек