Курс НБ на 20.07.2019 $69,6517 €78,3651

Чүй ОИИББи ата-энелерге билдирүү таратты

Коом
20 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
59
Жайкы мезгилинин башталышы менен  Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы эс алуучуларга, ата-энелерге балдардын коопсуздугу боюнча билдирүү таратты. Чүйдө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жыл сайын кырсыктын алдын алуу үчүн сууга түшүүнүн ыкмаларын түшүндүрүп келишет. Андыктан  бул жылы дагы Чүй ОИИББи өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн жөнөкөй эрежелерге көңүл бурууга чакырат.
- 5 жашка чейинки бөбөктөрдү көлмөгө же бассейнге жалгыз таштабоо зарыл. Балдар аз көлөмдөгү сууга да чөгүп кетиши толук ыктымал;
- Балдардын көлмөлөргө, тыюу салынган жерде сууга түшүүсүнө жол бербөө;
- Балдар аз убакыттын ичинде сууга чөгүп кетүүсү мүмкүн, андыктан аларды жалгыз таштап башка жумуштар менен алектенбөө;
Балдар арасындагы кырсыктарды алдын алууга ата-энелердин аткарган ролу чоң.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу