Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Чүй облусунда бензовоз менен Мерседес кагышып, 2 адам каза болду

Коом
24 - Март 2017
www.erkintoo.kg
470
«Кабар” агенттигинин берген маалыматы боюнча, Чүй облусунда бензовоз менен Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 2 адам каза болуп, дагы 2 адам жабыркаган. Жол кырсыгы бүгүн саат 13:45 те Ысык-Ата районунун чек арасындагы Бишкек-Торугарт жолунда болгон.“Бензовоз Бишкектен Токмок шаарын көздөй бара жаткан. Мерседес ага карама-каршы багытта келе жатып, каршы тилкеге чыга калган. Бензовоз кагышуудан качууга аракет кылганы менен оңунан чыккан эмес. Жыйынтыгында Мерседестин айдоочусу жана бир жүргүнчү каза болуп, 2 адам жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Бардык жабырлануучулар болжол менен бирдей куракта – 25-30 жаштарда. Учурда бензовоздун айдоочусу катуу корккон абалда ”,-деди билдирди Патрулдук милиция башкармалыгынан. Чүй облустук ПМБнын маалыматы боюнча, жабырлануучулардын өздүгү такталып, кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.