Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Четте жүргөн кыргызстандыктар саны 800 миң

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
300
2016-жылы Кыргыз Республикасынын чет жердеги жарандарынын саны 800 миңге жеткен. Негизинен кыргызстандыктар иш издеп, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына чыгып кетет. Бул тууралуу өкмөттүн коллегиялык жыйынында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова билдирди. «Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын «кара тизмесинен» мекендештерди чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Кечиктирилгис чечимди талап кылган маанилүү маселе – этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу болуп саналат. Аларга жарандык алууда, эмгекке орноштуруу, турак-жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөкпул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын так саны тууралуу маалымат жок», – деди ал. Жыйынтыгында Чолпон Султанбекова Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлеринин начар аткаруучулук тартибин, тактап айтканда, мыйзамадарды, ченемдик-укуктук актыларды жана отчет даярдоодогу жетишсиз ишин атады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.