Курс НБ на 04.03.2021 $84,8000 €102,3960

Чет элдиктер асырап алган балдардан кабар алабыз

Коом
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
693
2012-2015-жылдары кыргыз жарандары 6185, ал эми чет элдик жарандар 53 кыргыз балдарын асырап алышкандыгы  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев  билдирди. Андыктан жакында  министрликтин демилгеси менен соттордун тобу АКШга сапарга барыша турган болууда. Сапардын негизги максаты - АКШнын бала асырап алуу боюнча соттук процедуралары менен таанышуу болот.
"Биз эл аралык асыроо менен алектенген уюмдарды каттоодо УКМК, ИИМ, ТИМ жетекчиликтерине жеке жоопкерчилик киргиздик. Алар кол койгон соң документтерди сотко жиберебиз. Кыргыз өлкөсүндө бир эле соттун чечими менен бала асыроо мүмкүн. Биздин өлкөдө баланы багып алчулар табылбаса гана чет элдиктерге асыроого берилет. Алардын көпчүлүгү катуу оору менен ооругандар", - деген министр. Жогорку Соттун соту Дилбар Кулматованын айтымында, соттор чет элдиктер багып алган кичинекей кыргыз балдарынын иштерин өзгөчө жоопкерчилик менен карашат. Андыктан бул демилге эки тараптуу колдоого алынууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.