Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Чернобыль апаатынын катышуучулары медициналык жардамдын күчөтүлүшүн талап кылышат

Коом
26 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
377
Кыргыз Республикасынын өкмөтү Чернобыль апаатынын катышуучуларына карата медициналык жардамды күчөтүшү зарыл. Мындай пикирин Чернобыль апаатына катышкандардын Жалал-Абад шаарындагы биримдигинин төрагасы Мамазакир Мадияров билдирди.
Анын айтымында, 1994-жылы Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкандардын саны 126 киши болгон. Азыр алардын 1,2,3-топтогу майыптык алган 24ү гана шаарда жүрүшөт. Калгандары ар кайсы себептерге байланыштуу башка аймактарга кетишкен жана айрымдары Чернобылда алган нурлануудан улам көз жумушкан.
Албетте, мамлекет тарабынан компенсациялар, пенсиялар берилип турат, андан тышкары дарыланууга да жеңилдиктер берилет. Бирок, ал көрсөтүлүп жаткан жардам аздык кылат
-Бул апааттын кесепеттерин жоюуга катышкандардын баары 1,2,3-топтогу майыптар, ден-соолуктарын жоготушкан. Жылына дарыланып турууга мажбур болушат. Ал эми алган пенсия, компенсациялар кеткен чыгымдарды жабууга жетпейт. Нурлануудан улам алган дарт укумдан-тукумга өтүп, алардын балдары да медициналык мекемелерде каттоодо турушат. Ошондуктан, мамлекет аларга медициналык жактан жардамды, алардын балдарына да камкордукту күчөтүшү керек, - дейт ал.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.