Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​Борбордо атайын мектептер жана бала бакчалар иштей баштайт

Коом
15 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
77
Бишкектеги атайын мектептер менен бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилди. Бул туурасында  мэрия кабарлады.Вице-мэр Айжан Чыныбаева Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева, район акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери жана атайын мектеп, бала бакчалардын директорлорунун катышуусунда кеңешме өткөргөн. Анда Чыныбаева атайын билим берүү мекемелери көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ачылып жатканын белгиледи. Анда иштеген бардык кызматкерлер ПЦР-тест тапшырган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу