Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Борбор түнкүсүн жарык болот

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
565
Бишкекте  Совет мезгилинде орнотулган жарыктандыруу объектилеринин жарымы  иштебейт. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өкмөттүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координатордук кеңештин жыйынында билдирди.  Жыйында "Бишкек шаарынын жарыктандыруу иштерин жаңылоо" долбоору каралып, аны шаар башчы тааныштырды. Шаар башчынын айтымына караганда,  борбордун жарыктандыруу системасын оңдоо керек. Учурда Совет мезгилинде орнотулган 50 миң жарык берүү жайлардын ичинен бүгүнкү күндө 24, 5 миңи гана иштөөдө. Эгер бул долбоор ишке ашып калса, электр энергияны да үнөмдөйт деп билдирет шаар башчы.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.