
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8113 €101,7905

Боордогу мителерди аныктаган УЗИ аппараты алынып келди
Саламаттык сактоо министрлиги эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын алгачкы баскычта аныктоо үчүн үчүн Цюрих университетинин (Швейцария) финансылык колдоосу менен үч УЗИ аппаратын гуманитардык жардам катары алды. Мындай маалыматты аталган министрлик билдирет.. Маалыматтарга караганда, ар бир жабдык 30 миң долларга бааланган. Жабдыктар Алай жана Кочкор райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборуна жана Улуттук хирургиялык борборуна бөлүнүп берилди. Аппараттан текшерилүү бейтаптар үчүн акысыз болот. Аппарат Эхинококкоз жана альвеококкоздон сырткары паренхиматоздук органдардын патологияларын аныктай алат. Аталган жабдыкты пайдаланып оорулардын алдын алууга болот.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек