Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Boeing 747 кулаган жерде иликтөө иши башталды

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
342
КМШнын Мамлекеттер аралык авиация комитетинин комиссиясы Boeing 747 учагы кулаган жерди изилдей баштады. Мындай маалыматты  Өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. ӨКМдин маалыматына таянсак,  куткаруучулар кырсык болгон жердеги  урандылардын алдынан адамдардын сөөктөрүн алып чыгып бүтүшкөн. Изилдей турган  комиссия эртең менентен тартып  кырсык болгон жерде ишин баштады. Бир-эки күндөн кийин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып калат деп айтылат маалыматта. Комиссия төрагасы Леонид Каширский 2008-жылы Бишкекте болуп, бир канча адам өмүрүн алган  авиакырсыкты да иликтеген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.