Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

Бишкектин автобустарында аялдамалар айтылып турмай болду

Коом
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
37

Бишкек шаарындагы автобустарда мындан ары аялдамалар айтылып турат. Пилоттук долбоор 12-июлдан тарта башталганын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул тапта №42 каттамдагы автобустардын жүргүнчүлөрү унаа кайсы аялдамага жетип калгандыгын билип жатат.

"Маалымат кыргыз жана орус тилдеринде айтылмакчы. Үн билдирүү автобустун ичине орнотулган атайын жабдуу аркылуу айдоочунун катыштыгы жок эле автоматтык түрдө берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан кошумчалашкандай, жакынкы арада шаардагы бардык автобустар менен троллейбустарга аталган жабдуу коюлмакчы.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу