Курс НБ на 10.08.2020 $77,4202 €91,1352

Бишкектен Нарын облусуна медицина кызматкерлеринин кезектеги, үчүнчү тобу жөнөп кетти

Коом
14 - Май 2020
Эркин Тоо
106

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. "14-майда Бишкектен Нарынга жети ыктыярчы дарыгер жөнөп кетти. Алардын үчөө – акушер-гинеколог менен реаниматолог он күн бою аймактагы кесиптештерине жардам берип иштейт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бирөө жана бир реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлөт",-делет маалыматта. Министрлик кабарлагандай, ар бир кызматкер тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыз болду, аларга кошумча маяна мыйзамга ылайык төлөнүп берилет. Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 14-майга карата соңку бир сутка ичинде Нарында 15 адамдан коронавирус табылды. Жалпысынан республика боюнча оору 1082 адамдан табылса, алардын ичинен 152 бейтап Нарын облусунда. Көбү Ат-Башы районунда – 77, Нарын шаарында 58, Жумгал районунда 14 жана Кочкор районунда үчөө.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу