Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

​Бишкектеги мектептер балдарды кабыл алууга даяр

Коом
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
44
Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди. Ал борбордогу мектептер балдарды кабыл алууга даяр экендигин айтып, "Азырынча 1, 5, 9, 11-класстарга уруксат берүүнү сунуштап жатабыз. Башкаларга салыштырмалуу булар мектепке келип-кетип окууга өтө муктаж. Аралыктан окутуу билимдин сапатына таасирин тийгизет. Иштей баштаган мектептерге 2-3 жума мониторинг кылып, эгерде ооруп калгандар ошол эле деңгээлде болсо, анда башка класстарды да офлайн системасына өткөрүүнү карап көрүүнү сунуштоону ойлоп жатабыз", — деген. Адис балдарды мектепте тайпаларга бөлүп окутуу каралганын жана алар  шахмат түрүндө отургузулаарын кошумчалады. Ал эми бир эле классты тайпаларга бөлүп окутууда мугалимдер үчүн кошумча акы төлөнүп берилмекчи.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу