Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Бишкектеги бала бакчанын тепкичинен кулаган бөбөк ооруканага түштү

Коом
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
191

Бишкек шаарындагы №73 бала бакчадан эртең менен 5 жаштагы бала бийиктиктен кулап кетти деп билдирүү түшкөнүн Тез жардам кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, аталган бала бакчанын тарбиячысы саат 10:15те Тез жардам кызматына кайрылган. "Чакыруу боюнча бригада чыгып кеткен", — деп Тез жардам кызматынан билдиришти.

Жабыркаган бала №3 шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков баланын абалы учурда туруктуу экенин айтты. "5 жаштагы бөбөк бала бакчанын экинчи кабатынын тепкичинен кулап, мээси чайкалып калган. Учурда абалы туруктуу", — деди Өмүрбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары бөбөк бала бакчанын экинчи кабатынан кулап кетти деп жазышкан болчу.
Булак: Спутник



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.