Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

Бишкектеги №32 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды

Коом
11 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
178
Бишкек шаарындагы №32 жалпы билим берүүчү мектебинин директору Асел Садыковага сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 10-январда Билим АКИpress сайтына шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Аталган мектептин директорунун орун басарлары А.Шабданбекова менен Н.Мамбеталиевага эскертүү берилди. Директорго сөгүш КР Эмгек кодексинин 146 статьясынын 2-пунктуна (кызматкердин күнөөсүнөн ага жүктөлгөн кызматтык милдеттердин толук аткарылбаганы) ылайык жарыяланды. Эскерте кетсек, окуу жылынын башталышында 9-класстын окуучусун мектептен кетирүүгө аракет кылышып, ал 3 күнгө жоголуп кеткен. Баланын апасы мектептик фондго ай сайын төлөнүүчү акча каражаттарын бере албай жаткандыгына байланыштуу баласын мектептен чыгарып жатышканын билдирген. Чыр-чатак тараптардын бир бүтүмгө келиши менен чечилип, баланын апасы мектептин директоруна карата жазылган арызын алып, окуучу мектептке кайтарылган. Бирок, өз кезегинде, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү окуучунун укугу бузулду деп, мектеп директорун жазалоону талап кылышкан.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.