Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Бишкекте унаа сүзгөн аял каза болуп, 2 жаштагы кызынын буту кесилди

Коом
13 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
123
Бишкек шаарында 9-февраль күнү жол кырсыкка кабылган 2 жаштагы кыздын оң буту катуу жабыркаган. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалды.
«Ал кызды тез жардам кызматы аркылуу оор абалда алып келишти. Ага дароо операция жасалды. Кийинки күнү хирургдар менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынтыгында наристенин бутун ампутациялоого туура келди», - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Жабыр таркан кыз 1 жаш 8 айлык. Учурда аны жандандыруу бөлүмүндө чоң апасы карап жатат. Дарыгерлер анын абалы жакшырып жатканын билдиришүүдө.
Бишкек шаарындагы Элебесов көчөсүндө 9-февраль күнү 33 жаштагы Ж.Р.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 280» жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктө турган «Хонда» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Андан кийин ал жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 1983-жылы туулган аял 2 жаштагы кызы менен жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн өтүүгө аракет кылган. Кырсыктын кесепетинен наристенин апасы окуя болгон жерде көз жумду.
Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында «Мерседес» унаасынын айдоочусу мас абалда болбогондугу аныкталды. Жол кырсык боюнча топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Булак: Турмуш


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.