Курс НБ на 22.03.2019 $69,7563 €79,1281

Бишкекте түкүрүү үчүн азырынча айыптар салынбайт

Коом
11 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
42
Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча атайын комиссия 15-январдан кийин түзүлөт деп билдирди кечээ, 10-январда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Эске салсак, Бузуулар жөнүндө кодекс мурдагы Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексти алмаштырды. Жаңы Кодекстин 313-беренесине ылайык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өз чечимдери менен иш кароочу атайын комиссияларды түзүүлөрү керек. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык курамы жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Сөз болуп жаткан Кодексте жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын комиссияларына 27 маселе, алардын ичинде коомдук жерлерде түкүрүү үчүн айып салуу маселесин кароо укугу берилген.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу