Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Бишкекте селсаяктар үчүн дагы бир түнөк жай ачылды

Коом
07 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
12
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Жыл сайын 15-ноябрдан тарта Свердлов районунда селсаяктар үчүн Фере көчөсүндөгү №34 А дарегинде убактылуу түнөк жай иштейт. Учурда имараттын ичи оңдолуп, терезелерге айнектер салынган. Андан сырткары, электр зымдары тартылып, имараттын чатыры оңдолгон. Мэрия ошондой эле 50 кишиге жууркан-төшөк, шейшеп сатып алган. Түнөк жайда бир маал ысык тамак дагы берилет. Бул жердеги тартипти сактоо үчүн инспектор бекитилген.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу