Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Бишкекте мугалимдер арасында спартакиада өттү

Коом
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
304
Бишкекте Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин арасында аялдар спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиада «Ыйман, адеп жана маданият» жылына арналды.Мелдешке 4 спорттун түрү боюнча жети мектептин командалары, жалпысынан 140 мугалим катышты.Аталган спартакиада окуучулар жана мугалимдер арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлдү. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жеңүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталышты:
 Волейбол:
1 -орун: №6 ОТКГ
2 -орун: №29 МГ
3 -орун:  №78 МГ
Стол тенниси:
1 -орун:  №54 ОМ
2-орун:  №24 МГ
3-орун:   №29 МГ
Жеӊил атлетика:
1 -орун:  №29 МГ
2 -орун: №48 ОМ
3 -орун:  №6 ОТКГ
Дартс:
1-орун: №54 ОМ
2-орун: №24 МГ
3-орун:  №29 МГ

Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.