Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Бишкекте машина коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери көз жумду

Коом
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
129

Бишкектеги Байтик баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде көчө шыпырып жүргөн адамды машина коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген. Анын айтымында, кырсык дүйшөмбү күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында болгон.

"Катуу келе жаткан машина жолдун четин шыпырып жүргөн аялды коюп кетти. Ал кызгылт сары күрмө кийип жүргөн", — деди күбө.

Бишкек милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Honda Elysion автоунаасын айдап бараткан 44 жаштагы тургун Түштүк магистраль менен чыгышты көздөй кетип баратып, 60 жаштагы аялды коюп кеткен. Айдоочу мас эместигин наркологиялык кароо тастыктады", — деп милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, аял тез жардам унаасы менен ооруканага баратканда жолдон үзүлгөн. Автоунаа атайын короого токтотулуп, тергөө жүрүүдө.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.