Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

​Бишкекте үй-жайы жоктор жашай турчу убактылуу жайлар ачылды

Коом
11 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
67
Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова  ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Тактап айтканда, Свердлов жана Октябрь райондорунда эки  убактылуу жайлар ачылды. Свердлов районундагы убактылуу турак жайдын оңдоп-түзөөсү үчүн жергиликтүү бюджеттен 481 миң 900 сом акча бөлүнүп, актоо, сырдоо иштери жүрдү, ошондой эле жаңы шейшептер, дары-дармектер алынды. Ал эми Октябрь районундагы убактылуу жайга 1 млн 300 миңден ашык каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалды. Жаңы керебеттер да сатылып алынды,-дейт Майрам Мамбетова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу