Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Бишкекте “Эр жигит-2017” таймашы өттү

Коом
19 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
324
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Свердлов районундагы мектептер арасында “Эр жигит-2017” кароо сынагын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештин башкы максаты мектеп окуучуларын мекенге болгон патриоттук сезимин ойготуу, жогорку класстарды физикалык жактан өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу. Мелдеш Р. Шүкүрбеков атындагы №38 гимназия мектебинде өтүп, анда Свердлов районунан 20 мектептин окуучулары таймашты. Жыйынтыгында 1-орунду №38 гимназия мектеби, 2-орунду №11 орто мектеп, 3-орунду №12 гимназия мектеби алды. Жеңүүчүлөргө ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.