Курс НБ на 14.08.2018 $68,9600 €78,4972

Бишкекте эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты

Коом
14 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
131

Бишкектеги Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (көпүрөнүн алды) эки жеңил унаа жана троллейбус кагышты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-февралда саат 9:30дар чамасында Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй Audi-100 үлгүсүндөгү автоунааны айдап бараткан 31 жаштагы киши алдыда кетип бараткан троллейбусту сүзгөн. Андан кийин күү менен барып Hyundai Click автоунаасына урунган.

Кырсыктын кесепетинен Hyundai Click автоунаасынын эки жүргүнчүсү жаракат алып, тез жардам кызматына берилген.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.