Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Бишкекте бус троллейбустун айынан аялды коюп кеткен

Коом
14 - Март 2018
www.erkintoo.kg
118

Бишкекте Байтик баатыр менен Жантөшов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтө турган жол чийинде бараткан аялды бус коюп кеткенин күбө билдирген.

Анын унаасындагы видеокаттагычка окуя кандайча болгону тартылып калган. Ага ылайык, бус жол чийинден өткөнү жаткан аялды көрүп токтогон, бирок анын артында катуу ылдамдык менен келе жаткан троллейбус бусту сүзүп кеткен. Анын кесепетинен бус алдыдагы жөө адамды койгон.

Күбө билдиргендей, окуя шаршемби, 13-март күнү саат 11:17де болду.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.