Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Бишкекте биринчи маданият форуму өтүүдө

Коом
27 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
355
Бүгүн, 27-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Биринчи Бишкек маданият форуму” өтүп жатат. Ага чет өлкөдөн келген коноктор, президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мер Айгүл Рыскулова, депутат Ирина Карамушкина, Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов жана башка маданият өкүлдөрү катышууда. Алты күнгө созулган форумдун катышуучулары, чет өлкөлүк өкүлдөр Бишкек шаарынын 139 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага карата түрдүү маданий программадагы концерттик программаларга күбө болушуп, көргөзмөлөргө, бир катар секциялар бөлүнүп иш алып барышмакчы. Кыргыз элинин маданияты менен дагы кеңири таанышмакчы.  Белгилей кетсек, форумга 20 өлкөдөн Россия, Түштүк Корея, Таиланд, Армения, Түркия, Казакстан, Италия, Австралия, Латвия, Марокко, Индия жана башка өлкөдөн келген өкүлдөр катышууда. Форум 26-апрелде башталып, 2-майга чейин уланат.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.