Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €76,9922

Бишкекте билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” спартакиадасы башталат

Коом
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
447
Эртең,17-январда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн Бишкекте “Ден соолук” спартакиадасы башталат, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаштык” спорт жана ден соолуктуу чыңдоо борбору тарабынан уштурулган.
Мелдештин максаты – ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында спортту жана дене тарбияны чыңдоо иш-чараларын жайылтуу.
Волейбол, стритбол, тогуз-коргоол, футбол, шахмат, үстөл тенниси жана ордо боюнча мелдештерге 100дөн ашык адам катышат.
Тандалып алынган күчтүү командалар 2017-жылы өтө турган “Ден соолук” республикалык спартакиадасынын финалдык таймашына катышат.
 
Булак “Кабар”


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.