Курс НБ на 18.09.2020 $79,0444 €93,7348

Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда

Коом
03 - Август 2020
www.erkintoo.kg
89

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, кечээ күнү күңдүзгү стационарларга 1 миң 176 адам, ал эми 1-августтан 2-августка караган түнү түнкү стационарларга 192 киши кайрылган. "Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш мезгилине адам ресурстарын сактоо үчүн кайрылуулар аз болгон айрым стационарлар ишин токтотууда. Октябрь районундагы "Салтанат" ресторанда ачылган түнкү стационар жана "Сейтек" мектебинде ачылган күндүзгү стационар ишин токтотту. "Жал" кичирайонундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат. Калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат. Кайрылуулардын санына байкоо жүргүзүлөт", - деп билдирет мэрия.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу