Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Бишкекте административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялардын судьялары үчүн семинар өтүүдө

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
613
КРнын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби  «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө. Семинарга Бишкек шаардык сотунун жана облустук соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын жана райондор аралык соттордун 18 судьясы катышууда. Иш чаранын лекторлору – Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы Чинара Садырова, Эрмек Иманалиев - «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» GIZ Программасынын эксперти, «Коомдук укук институту» коммерциялык эмес мекемесинин башкармалыгынын төрагасы (Кыргызстан) Сандра Хорина, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун негизги эксперти.
Семинар өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасынын алкагында, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу максатында, Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен  өтүүдө.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.