Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Бишкекте 2 классташ кыз изделип жатат

Коом
10 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
30
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери кечээ, 9-ноябрда мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып барбаган 2 окуучу кызды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган Тургуналиева Сезим Мыктыбековна саат 11:00 чамасында №28 мектепке кеткен бойдон үйүнө кайра барган эмес. Ал Оренбург тар көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашайт.
Белгилери: бою 155-158 см, чачы узун кара коңур түстө. Кийген кийимдери: саргыч боз түстөгү бут кийим, кара түстөгү пальто жана юбка. Жанында көгүш түстөгү жон баштык (рюкзак) болгон.

Ошондой эле, аталган күнү саат 11:00 чамасында 2005-жылы туулган Мухамед кызы Азиза үйүнөн №28 мектепке кеткен бойдон кайра барган эмес. Ал Аламүдүн районунда жашайт.

Белгилери: бою 155-160 см, чачы орто узундукта. Кара түстөгү юбка жана көк түстөгү күрмө (куртка) кийип жүргөн. Окуучу кыздар бир класста окушат. Алар 9-ноябрь күнү мектепке барбаганы белгилүү болду. Күбөлөрдүн айтымында, аталган күнү кыздар саат 14:45 чамасында VEFA соода борборундагы кинотеатрга барышкан.

Биринчи май РИИБге 9-ноябрь күнү кечинде кыздардын жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Милиция кыздардын жүргөн жерин билген адамдарды билдирип коюну өтүнөт.

Сезимдин жакындары: (0704) 900 580 (атасы Мыктыбек), (0709) 681 019 (эжеси Мээрим);
Азизанын атасы: (0772) 669 424;
Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмү: (0312).
 

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу