Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Бишкекте 100гө жакын көчөт отургузулду

Коом
15 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
24

Жакында Бишкек шаарында  Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата бак-дарактарды отургузуу боюнча “Бардыгына ден соолук!” акциясы өттү. Жашылдандыруу акциясында 200гө жакын адам катышканын Бишкек шаардык кеңеши кабарлады. Катышуучулар клён жана ак кайыңдын белгиялык сортунан 40 көчөт, “Глокозум” сортунан клёндун 30 көчөтүн жана ак кайыңдын 10 көчөтүн отурзгузушту. Көчөттөр Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы офиси тарабынан каржыланган. Ал эми жаңы отургузулган бактардын көчөттөрүн сугаруу жана багуу “Бишкекжашылчарба” МИси тарабынан ишке ашырылат.




Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу